Айрым аймактарда өткүн өтөт: 29-сентябрга карата аба ырайынын божомолуСаясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катышты
Кыргызстандык “Перзент” тасмасы Кытайдагы фестивалда көрсөтүлөт
13.11.2022 | 13:46
Кыргызстандык режиссер Караш Жанышовдун “Перзент” кыска метраждуу тасмасы Бээжиндеги эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын кино таануучу Гүлбара Төлөмүшева билдирди.
Кинофестиваль 18-28-ноябрь күндөрү болуп өтөт. “Перзент” тасмасы фестивалдын жаңы түзүлгөн NOVA сынагына катышат.
Режиссер Караш Жанышов 28 жашта, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана кино бөлүмүн аяктаган. “Кош бол”, “Меланхолия боектору”, “Ташкентке жол” кыска метраждуу тасмаларын тарткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы