Зеленский Орусиядан кемелердин жетишпеген жабдууларын талап кылат

Зеленский Орусиядан кемелердин жетишпеген жабдууларын талап кылат

Украинанын президенти Владимир Зеленский Москвага кайрылып, бир жыл мурда орус чек арачылары тарабынан кармалган аскердик кемелердин жетишпеген жабдууларын кайтарып берүүнү талап кыла турганын билдирди. Кемелер Киевге 18-ноябрда өткөрүлүп берилген.

Шаршемби күнү Зеленский Очаков шаарындагы портто Орусиядан кайтарылган «Бердянск», «Никополь» катерлерин жана «Яны Капу» чиркегичин карап чыгып, «чынында эле айрым жабдуулары менен курал-жарактын бир бөлүгү жок экенин» билдирди. Анын айтымында, Украина кайтарылган кемелерди оңдоо иштерин тез арада баштайт жана ага үч-төрт ай талап кылынат.

Буга чейин Украинанын деңиз-аскер күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко орус тарап Керч кысыгында кармалган украин кемелерин бүлдүргөнүн билдирген.

Орусия Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине сүзүп бараткан Украинанын аскердик катерлерин былтыр 25-ноябрда кармап алган. Кемелерде 24 аскер кызматкери болгон. Киев Москванын бул аракетин «зомбулук актысы» деп атаган. Орусия болсо кемелер чек араны бузуп, мыйзамсыз киргенин айткан. Бул талашта Украинаны АКШ, НАТО, БУУ жана Европа Биримдиги колдогон.

Орусия украин деңиз аскерлерин ушул жылдын сентябрь айында, Украина менен туткундарды алмашкан учурунда бошоткон. 20-ноябрда украин кемелери дагы кайтарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>