Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды.

Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды.

Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>