Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстан электр унааларын пошлинасыз алып кирүүгө уруксат берди
19.05.2022 | 13:42
Кыргызстанга нөлдүк алым менен электромобилдерди алып келүүгө квота күчүнө кирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин башчысы 17-майда кол коюп, ал күчүнө кирди.
Токтомго Евразия экономикалык комиссиясынын 2022-жылдын 24-мартындагы чечимине ылайык кол коюлган. Бул чечимге ылайык, биримдиктин өлкөлөрү электромобилдерди пошлинасыз ташып келүүгө квота алышкан. Ошентип Кыргызстандын жарандары быйыл 5 миң, 2023-жылы 10 миң электромобилди импорттой алат.
Квотадан баш тарткан жападан жалгыз өлкө – бул электр унааларын өз өндүрүшүн өнүктүрүүнү көздөгөн Орусия. Кыргызстандын, Казакстандын, Армениянын жана Беларустун жарандары импорттук электр унааларын орусиялыктарга же Орусияда туруктуу жашаган жарандарга үч жыл бою сата албайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика