АКШ менен Иран Ормуз боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишти — эмнелер белгилүүЭдил Байсалов Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырдыТрамп грин-карта алуу үчүн чет элдиктерди АКШдан чыгып кетүүгө мажбурлайтБишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына канча күн калганын эсептеген такта ачылдыStarlink спутниктик интернети Кыргызстанда расмий түрдө иштей баштады25-май: Айрым аймактарда жаан жаайт
Жакында Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
26.12.2023 | 09:02
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 8-11-январда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
8-9-январда эркин күрөш, ал эми 10-11-январда грек-рим күрөшү боюнча балбандар таймашка чыгат.
Мелдештин жадыбалы (эркин күрөш):
8-январь – 57, 65, 74, 86, 97 кг;
9-январь – 61, 70, 79, 92, 125 кг;
Греко-рим күрөшү:
10-январь – 55, 63, 72, 82, 97 кг;
11-январь – 60, 67, 77, 87, 130 кг.
Таймаштар саат 11:00до башталат.