Жалал-Абад: Айдоочу велосипедчен адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Жалал-Абад: Айдоочу велосипедчен адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Жалал-Абад облусунда велосипедчен адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен деп шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрь күнү болжол менен саат 22:30да Бишкек — Ош унаа жолунун Базар-Коргон району аркылуу өткөн 539-чакырымында, велосипед менен бара жаткан адамды белгисиз автоунаа сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон. Айдоочу жабырлануучуга жардам көрсөтүүнүн ордуна окуя жеринен качып кеткен.

Аталган факты боюнча ЖКККБ кызматкерлери окуя жерине барып, кароо жүргүзгөн учурда автоунаанын сынып түшүп калган тетиктери оң рулдуу «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаага таандык экендигин аныкташкан. Ошол замат облус аймагында атайын «Тосмо» иш-мерчеми киргизилип, тиешелүү посттор коюлган.

«Ыкчам аракеттердин натыйжасында Таш-Көмүр шаарынын Кызыл-Алма участогунан, оң тараптагы фарасы сынган, артты кароочу күзгүсү жок, урунган абалда бара жаткан унаа ЖКККБ кызматкерлери тарабынан токтотулган. Текшерүү учурунда жол кырсыгы болгон жерден табылган автоунаанын сынык тетиктери кармалган унаага дал келген. Ала-Бука районунун 31 жаштагы К.Ф. аттуу тургуну автоунаасы менен жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>