Ооганстанда аялдардын жогорку билим алуусуна тыюу салынды

Ооганстанда аялдардын жогорку билим алуусуна тыюу салынды

Ооганстандагы Талибан бийлиги өлкөдөгү аялдардын университеттерде окуусуна тыюу салды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги Жогорку билим берүү министрлигинин өкүлү Зияулла Хашминин билдирүүсүнө таянып билдирди.

Чечим мамлекеттик жана жеке менчик университеттерге да тиешелүү. Жогорку окуу жайлардын өкүлдөрүнө токтоосуз түрдө тыюу салып, ал боюнча маалымат берүү тапшырылды. Чечим дароо күчүнө кирет жана кийинки билдирүүгө чейин күчүндө болот.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Түрк тыюу салуу менен талиптер эл аралык милдеттенмелерин бузуп, «ооган аялдарынын жана кыздарынын укуктарына дагы бир коркунучтуу жана ырайымсыз сокку» болгонун айтты.

«Аялдардын орто жана жогорку окуу жайлардан билим алуусуна тыюу салуу Ооганстандын эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин ачыктан-ачык бузуу болуп саналат», — деди Фолькер Түрк.

Талибандын тарапташтары 2021-жылдын сентябрынын башында Ооганстандын бардык аймагына көзөмөл орнотуп, аялдар менен кыздарга ар кандай чектөөлөрдү киргизе башташкан. Кыймылдын өкүлдөрү өз аракеттерин мамлекетте «тийиштүү ислам чөйрөсүн» түзүү зарылчылыгы менен түшүндүрүшкөн.

2022-жылдын 22-мартында өлкөнүн Билим берүү министрлиги орто жана жогорку класстагы кыздарга мектепке барууга тыюу салган. Министрлик чектөөнү алып салуу үчүн шариятка (ислам мыйзамдарына), улуттук салтка жана маданиятка ылайык кыздар үчүн жаңы мектеп формасын иштеп чыгууну шарт деп атаган.

Сентябрь айында мектептерге жалаң эркек балдар менен эркек мугалимдерге барууга уруксат берилген. Кийинчерээк, 2-декабрда Ооганстандын убактылуу билим берүү министри Нада Мохаммед Надим аялдарга билим берүү өлкөгө 20-кылымда алынып келинген чет элдик маданияттын бир бөлүгү экенин билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>