Жалал-Абад: Айдоочуга ок атып, унаасын айдай качты

Жалал-Абад: Айдоочуга ок атып, унаасын айдай качты

8-ноябрдан 9-ноябрга караган түнү саат 2:30 чамасында Аксы районунун тургуну 25 жаштагы. А.С. Кербен шаарында “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасында отурган кезде, “Эрнис” аттуу бала ок атуучу курал менен 2-3 жолу ок атып, автоунаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка айдап качып кеткен. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, натыйжада А.С. денесинен алган жараатынан улам аймактык ооруканага жаткырылган.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, 4 (төрт) даана октун гилзасы табылып, далил буюм катары алынган. Аксы райондук милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуяга катыштыгы бар жарандардын өздүктөрү такталган.

Алар Аксы районунун тургундары 24 жаштагы М.А. жана А.Н. экендиктери белгилүү болгон. 9-ноябрь күнү М.А. Аксы милициясы тарабынан кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми жабырлануучунун “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасы Кербен шаарында токтоп турган жеринен табылган. Азыркы учурда окуяга катыштыгы бар А.Н.нын жүргөн жерин аныктап, тергөөгө камсыздоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>