Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Москвада мейманканада иштеген кыргыз кыз зордукталды
12.11.2021 | 11:48
Москва шаарындагы мейманканалардын биринде 21 жаштагы кыргыз кызын өзбекстандык жаран зордуктады. Бул тууралуу орус басылмаларында жарыяланганын super.kg жазды.
Маалыматка ылайык, окуя 10-ноябрда Москванын Ногинск районундагы мейманканалардын биринде болгон. Анда бөлмөлөрдү тазалап иштеген 21 жаштагы кызды ошол эле мейманканада иштеген өзбекстандык жаран жумуш учурунда бөлмөнү ичинен бекитип, зордуктаган. Кыз бул боюнча полицияга кайрылып, шектүү кармалган.
Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом