Жалал-Абад: Кар көчкү жүргөн жерде калган 2 жаран куткарылды

Жалал-Абад: Кар көчкү жүргөн жерде калган 2 жаран куткарылды

Жалал-Абадда кар көчкү жүргөн жерде калып калган 2 жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 16-февраль күнү Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун болжол менен 80-90-чакырым аралыгында кар көчкү жүрүп “Мерседес-Спринтер “үлгүсүндөгү унаанын басып калган. Унаанын ичинде айдоочусу жана жүргүнчүсү калып калган. Абалдары жакшы.

16-февраль күнү №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 5 кызматкер тартылып жогору аталган унаа жолдун 99-98-чакырым аралыгына чейин жолду кардан тазалап барышкан. Тынымсыз жааган кардын калыңдыгына байланыштуу жолду тазалоо иштеринде кыйынчылык жаралып, ошондой эле кар көчкү түшүү кооптулугу жогору болуп, ар жерден кар көчкү түшүп жаткандыктан саат 23:00дө жолду тазалоо иштерин убактылуу токтотушкан.

Бүгүн тазалоо иштерин улантуу максатында №27 ЖТИден 2 жүктөгүч, 6 кызматкер тартылган жана жогору аталган жарандарды коопсуз жайга алып келүү максатында Чаткал райондук №81 ӨКБдан 5 куткаруучу, туугандарынан 4 адам тартылып, аты аталган жарандар унаа жолдун 88-чакырымда жолугушуп, туугандарына өткөрүлүп берилген. Жол жабык болгондуктан унаа жеринде калган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Тэги: кар көчкү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>