Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Жалал-Абад облусунда суурулардын саны кайра эсептелди
09.07.2026 | 11:17

Жалал-Абад облусунда суурулардын санын эсептөө иштери аяктады. Анын жыйынтыгында адистер жалпы 32 327 сууруну катташканын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, алардын ичинен 19 157си — кызыл суурулар, ал эми 13 170и — Мензбир суурулары.
Эсепке алуу иштери Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан бекитилген жапайы жаныбарлардын санын эсепке алуу боюнча нускамага ылайык жүргүзүлдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: экология