Жалал-Абад: Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү

Жалал-Абад: Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча инспектору пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү “Опузалап пара алуу” боюнча кылыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында, жана коммерциялык секторлордогу коррупциялык системаларды жок кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Салык кызматкери Жалал-Абад шаарынын тургунун патентти жабуу боюнча жана салык карызын кечиктиргендиги үчүн маселени оң жагына чечип берүү үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жашоочудан опузалап акча каражатын талап кылган.
Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында,  23-февраль күнү Мамлекеттик салык кызматынын Сузак району боюнча башкармалыгынын инспектору Ж.Д.Д. паранын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>