Жалал-Абадда 3 адамды 1,5 млн сомго алдап кеткен аял кармалды

Жалал-Абадда 3 адамды 1,5 млн сомго алдап кеткен аял кармалды

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 3 жарандан 1,5 млн сомдон ашык акча алып, алдап кеткен аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Базар-Коргон райондук милицияга 3 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар билдиргендей, Базар-Коргондун 54 жаштагы тургуну 2021-жылдын октябрь айынан бери райондогу борбордук базардан жана башка аймактарынан жер алып берем деп 1 млн 553 миң сом акча алып, убадасын аткарбай, качып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 54 жаштагы А.Ч. аттуу аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Бүгүн 15-ноябрда Базар-Коргон райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралат.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, Базар-Коргон районунун ички иштер бөлүмүнө же 03736 5 01 91 номерине кайрылуусун суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>