Казинодон уткандар салык төлөйт. Минкаб аны алуу жолун аныктай элек

Казинодон уткандар салык төлөйт. Минкаб аны алуу жолун аныктай элек

Казинодон 5 миң сомдон ашык уткандар салык төлөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында финансы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Пирназаров билдирди.

Ал казинолордон гана эмес, анда ойноп, утушка ээ болгондор дагы салык төлөрүн айтты.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков утуштан салык кантип алынып жатканын сурады.

«Жарандар жыл аягында декларация тапшырганда казинодон уткан утуштарын дагы көрсөтүшү керек»,- деп жооп берди мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Адилет Дубанаев.

Эл өкүлү казинодо чет элдик жарандар ойнорун, алар Кыргызстандын министрлер кабинетине эч кандай декларация тапшырбастыгын эскертти.

Белгилей кетсек, кыргыз жарандарына казиного кирүүгө тыюу салынган. Ал үчүн оюн-зоок мекемеси лицензиядан айрылат. Депутаттар казино кирген жаранды дагы 2-5 жылга эркинен ажыратууну сунушташты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>