Жалал-Абадда эки наристе иске ууланып, бири каза болду

Жалал-Абадда эки наристе иске ууланып, бири каза болду

Жалал-Абад шаарында эки жашар наристе иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-январга караган түнү саат 01:30 чамасында милицияга Жалал-Абад облустук ооруканасынан эки жашар кыз иске ууланып каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Бул окуя маалыматтардын электрондук журналына «уулануу» болуп катталып, териштирүү иштери башталган.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө-ыкчам тобу барган.

Белгилүү болгондой, 7-январда саат 20:00 чамасында 29 жаштагы келин кошумча жумушуна идиш жууганы чыгып жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып кеткен. Үйүнө болжол менен саат 23:30да кайтып келгенде, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>