Жалал-Абадда эки селсаяк адам өлтүрүүгө шектелип кармалды (видео)

Жалал-Абадда эки селсаяк адам өлтүрүүгө шектелип кармалды (видео)

Жалал-Абадда Сузак райондук милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 17-октябрда Бишкек — Ош жолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин сөөгү табылганын билдирген. Ал иниси эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү, эгерде киши колдуу болсо, кылмышкерли таап, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 29 жаштагы К.И. жана 35 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Маалым болгондой, шектүү катары кармалгандар туруктуу жашаган жери жок селсаяк болушат. Алар 32 жаштагы жаранды сабап (айрым маалыматтар боюнча маркум берки эки киши менен аралашып жүргөн), жол боюнда калтырып кетип калган. Ал алган жараатынан улам көз жумган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>