Күн ачык болот: 9-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуКыргызстан Пакистанга төө буурчак экспорттоону караштыруудаКыргызстанда Голливуддун катышуусунда тартыла турган тасманын сценарийи даяр болдуЛенинград блокадасынын башталышына 85 жыл: Бишкекте митинг-реквием өттүБишкекте үч эм жарык дүйнөгө келди
Индия кыргызстандыктарга визаларды кайра бере баштады
17.12.2022 | 17:16
Ушул жылдын 6-декабрында Индиянын өкмөтү Кыргызстандын жарандары үчүн электрондук визаларды берүүнү кайра баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, төмөнкү категориялар боюнча визалар берилет:
- электрондук бизнес виза;
- конференцияга катышуу үчүн электрондук виза;
- электрондук медициналык виза;
- коштоп жүрүүчү адамдар үчүн электрондук медициналык виза;
- электрондук туристтик виза.
Эске салсак, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Индия электрондук визаларды берүүнү убактылуу токтоткон.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом