Жалал-Абадда көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө

02.05.2023 | 16:29

Жалал-Абадда Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-майда башталган, 9-майда жыйынтыкталат. Оюндар “Телтору” ат майданында өтүүдө. Ага жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда катышууда.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада – 12, экинчи лигада – 9 жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.

Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт. Мелдеш УТРК спорт каналынан түз эфиринен көрсөтүлүүдө.

Беттештердин жадыбалы:

[image_carousel source=”media: 188223,188222″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Чүчү кулатын кулактын жыйынтыгы:

Жогорку лига:

А тайпасы: “Мурас” (Ысык-Кө), “Алтын-Альянс” (Талас), “Сары-Өзөн” (Чүй);

Б тайпасы: “Жаштык” (Жалала-Абад), “Достук” (Ош), “Ынтымак” (Талас).

Биринчи лига:

А тайпасы: “Улар”, “Көк-Жал”, “Ак-Шумкар”;

Б тайпасы: “Кара-Балта”, “Өзгөн”, “Намыс”;

С тайпасы: “Ысык-Ата”, “Бакай-Ата Дөөлөт” “Четинди-Бишкек”;

Д тайпасы: “Кемин”, “Жети-Аке”, “Ийгилик”.

Экинчи лига:

А тайпасы: “Талас шаары”, “Кетмен-Төбө”, “Ак-суу”;

Б тайпасы: “Ак-Илбирс”, “Биримдик”, “Аксы”;

С тайпасы: “Тянь-Шань Керамик”, “Кара-Кулжа”, “Ак-Кула”.

40 жаш:

А тайпасы: “Токтогул”, “Ысык-Көл”, “Бишкек-Сергүү”, “Сары-Өзөн Чүй”;

Б тайпасы: “Талас”, “Суусамыр”, “Жети-Дубан”, “Ош облусу”.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top