Жалал-Абадда көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө

Жалал-Абадда көк бөрү боюнча мелдеш өтүүдө

Жалал-Абадда Жеңиш күнүнө арналган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 1-майда башталган, 9-майда жыйынтыкталат. Оюндар «Телтору» ат майданында өтүүдө. Ага жалпысынан бардык аймактардан келген 35 команда катышууда.

Жогорку лигада 6 команда, биринчи лигада — 12, экинчи лигада — 9 жана 40 жаштан жогорку курактагылар арасында 8 команда бар.

Финалдык беттештер 8-9-май күндөрү өтөт. Мелдеш УТРК спорт каналынан түз эфиринен көрсөтүлүүдө.

Беттештердин жадыбалы:

Чүчү кулатын кулактын жыйынтыгы:

Жогорку лига:

А тайпасы: «Мурас» (Ысык-Кө), «Алтын-Альянс» (Талас), «Сары-Өзөн» (Чүй);

Б тайпасы: «Жаштык» (Жалала-Абад), «Достук» (Ош), «Ынтымак» (Талас).

Биринчи лига:

А тайпасы: «Улар», «Көк-Жал», «Ак-Шумкар»;

Б тайпасы: «Кара-Балта», «Өзгөн», «Намыс»;

С тайпасы: «Ысык-Ата», «Бакай-Ата Дөөлөт» «Четинди-Бишкек»;

Д тайпасы: «Кемин», «Жети-Аке», «Ийгилик».

Экинчи лига:

А тайпасы: «Талас шаары», «Кетмен-Төбө», «Ак-суу»;

Б тайпасы: «Ак-Илбирс», «Биримдик», «Аксы»;

С тайпасы: «Тянь-Шань Керамик», «Кара-Кулжа», «Ак-Кула».

40 жаш:

А тайпасы: «Токтогул», «Ысык-Көл», «Бишкек-Сергүү», «Сары-Өзөн Чүй»;

Б тайпасы: «Талас», «Суусамыр», «Жети-Дубан», «Ош облусу».

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>