Депутат Надира Нарматованын уулу 22-майга чейин камалды

Депутат Надира Нарматованын уулу 22-майга чейин камалды

УКМК тарабынан кармалган, Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын уулу А.Н. 22-майга чейин камакка алынды.

Reporter.kg’ге Биринчи май райондук соттон билдиришкендей, А.Н. аттуу жарандын баш коргоо чарасы 29-апрелде каралып, УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен ал 22-майга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, депутаттын А.Н. аттуу уулу Ош облусунда бажы кызматында иштеген. Анын кармалышы Кытайдан товар ташуудагы коррупциялык ишке байланыштуу. Бул иш боюнча буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси кармалган. Мамлекетке келтирилген зыян дээрлик 1 млрд сомго жетери айтылган.

18-мартта УКМК Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталганын, ал боюнча Бажы кызматынын алты жооптуу адамын жана жеке компаниянын үч өкүлүн кармаганы тууралуу маалымат тараткан. Алардын ичинде жогорку кызматта иштеген адамдардын туугандары бар экени кабарланган.

Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кармалгандардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бар экенин билдирген.

Ташиев: Башкы прокурор Зулушевдин кайниси кармалды (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>