Жалал-Абадда кыз ала качкандарга кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда кыз ала качкандарга кылмыш иши козголду

Жалал-Абадда кыз ала качкандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Репортерго” облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-апрель күнү саат 21:30дар чамасында, Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагына караштуу Живпром айылында 17 жаштагы А.Н. аттуу кызды, Бека аттуу чала таанышы үч шериги менен үйүнүн алдынан ала качып кеткен. Кыз жолдо улум-улам каршылык көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын Дача участкасына жеткенде андан «турмушка чыгасыңбы же каласыңбы?” деп сурашкан. Кыз каршылыгын билдиргенде аны ошол жерден унаадан түшүрүп коюп белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен.

Бул факты боюнча топтолгон материал Сузак РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 175-беренесинин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Берилген тергөө тапшырмаларынын негизинде кылмышка шектүүлөрдү аныктап, тергөөгө камсыздоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>