Жалал-Абадда милиция акыркы коңгуроого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жалал-Абадда милиция акыркы коңгуроого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Жалал-Абадда акыркы коңгуроого байланыштуу алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ШИИБи тарабынан “Түнкү өспүрүм” аталыштагы рейд өткөрүлдү. Акыркы коңгуроого байланыштуу өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган рейдге мэрия кызматкерлери жана социалдык педагогдор катышышкан. Жалал-Абад шаарында максатсыз жана ата-энесинин коштоосу жок жүргөн 16 өспүрүм аныкталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелерине тапшырылган.

Ошондой эле шаар аймагындагы ар кандай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу максатында шаардык билим берүү бөлүмүнүн, экотехинспекциянын кызматкерлери менен биргеликте парктарда профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Эс алуу жайларындагы аттракциондорго түшүүдө жарандарга этият болуу зарылдыгы эскертилген.

Ал эми Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери мектеп окуучуларын акыркы коңгуроого байланыштуу кабыл алынган чектөөлөрдү туура кабыл алуу менен эрежелерди сактоого чакырышты. Жаратылыш койнунда эс алууга чыгууга да тыюу салынгандыгын эскертишкен.

Белгилей кетүүчү жагдай, облустук милиция тарабынан акыркы коңгуроого тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн 700гө чукул кызматкер бөлүнүп, атайын мобилдик кайгулдоо маршруттары түзүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>