logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Жапаров менен Путин кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашты

Жапаров менен Путин кызматташуунун учурдагы абалын талкуулашты

Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, Сочи шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдердин ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланган.

Башкалар менен катар регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту сактоо маселелери да каралды. Мамлекет башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде ушул жылдын 28-30-апрель күндөрү болуп өткөн окуяларды, ошондой эле чыр-чатактын кесепетинен Баткен районунун чек арага танапташ айылдарында талкаланган инфраструктураны, социалдык объектилерди жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү чараларын, мындан сырткары жергиликтүү калкка ар тараптуу жардам  көрсөтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Владимир Путин эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер  бекемделип, өнүгүп жаткандыгын белгилеген.

«Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турат. Тилекке каршы, өткөн жылы пандемиянын кесепетинен соода бир топ төмөндөдү. Бирок үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында товар жүгүртүү 6% га жогорулаганын байкадык. Мындай жакшы тенденцияны активдүү иш алып барган өкмөттөр аралык комиссиянын жардамы менен сактап калуубуз кажет. Биз ошондой эле пандемияга каршы өз ара байланышып, күрөшүп жатабыз. Россия Кыргызстанга тест-системаларды, вируска каршы дары-дармектерди жана вакциналарды жеткирүүдө колдоп келген жана мындан ары да колдоону көздөп жатат. Биздин эксперттер дүйнөгө белгилүү болуп калган “Sputnik V” вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатышат», — деген Владимир Путин.

Мындан тышкары, Орусия президенти Россия кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды көңүл коюп, өтө тынчсыздануу менен байкап тургандыгын баса белгилеген.

«Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын ушул сыяктуу бардык талаштуу маселелерин чечүү ниеттерин оң кабылдадык. Максатка дал ушул жол менен жетүүгө болот деп ишенем. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн бизден көз каранды болгон нерселердин бардыгын жасайбыз. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөйлөрдү чечүүдө эки тараптын кызыкчылыгына тең жооп бере турган узак мөөнөттүү жолду табышыбыз керек”, — деп кошумчалаган Владимир Путин.

Ошону менен бирге тараптардын эл аралык уюмдарда активдүү кызматташарына, алардын арасында ЕАЭБ, ЖККУ жана башка уюмдардын, анын ичинде БУУ сыяктуу глобалдык мүнөздөгү уюмдардын алкагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлерине токтолгон.

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинге кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга көңүл бөлүп, кам санагандыгы жана Кыргызстан элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан Орусия  менен диалогду мындан ары да өнүктүрүүнү жана ар тараптуу бекемдөөнү көздөй тургандыгын баса белгилеген.

Ошону менен бирге президент Садыр Жапаров орус тарапка коронавирус инфекциясы пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөткөндүгү үчүн да өзгөчө ыраазычылыгын айтты.

Тараптар күн тартибиндеги биргелешкен бардык маселелер боюнча натыйжалуу диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>