Жалал-Абад шаарынын муниципалдык базарында уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
“Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылаарын билдиришти”, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, муниципалдык базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз