Жалал-Абадда спортто ийгилик жараткан милиционерлер сыйланды

Жалал-Абадда спортто ийгилик жараткан милиционерлер сыйланды

Бүгүн, 18-июлда Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратында бир катар спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, спортко кошкон зор салымы үчүн ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири милициянын полковниги Равшанбек Кожобековго “EFC Эр-Таймаш” федерациясы тарабынан ыраазычылык кат тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан ийгилик алып келген кызматкерлер алкоого алынып, алардын жетишкендиктери милициянын кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон салым катары бааланды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>