Жалал-Абадда таксистти бычактап, карактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абадда таксистти бычактап, карактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Такси айдоочусуна бычак сайып, карактап кеткен деп шектелип Өзбекстандын эки жарани кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 23-июлда эки адам Өзгөндүн Төлөс айылынын 26 жаштагы тургунун такси катары жалдап, Куршаб айылына «ат сатып алып келебиз» деп айдатып барышкан. Бирок ал жактан эч кимге жолукпай, «ат саткан адам телефонун албай койду» деп такси менен кайтып келип, Өзгөн шаарындагы чайканалардын биринен түшүп калган. Ал экөө айдоочунун телефон номерин алып калып, эртеси күнү башка жакка барарын айтышкан.

Эртеси, 24-июлда алар айдоочу менен байланышып, Өзгөн шаарынан жолугушкан. Таксини Жалал-Абаддын Кыр-Жол айылындагы адыр жерге айдатып барышкан. Ал жактан айдоочуга кол салып, 6 жолу бычак сайган. Ошол учурда айдоочу каршылык көрсөтүп, унаадан түшүп кетүүгө үлгүргөн. Кылмышкерлер айдоочунун Chevrolet Aveo унаасын айдап качып кетишкен.

Жарадар болгон айдоочуну көрүп калган бир жаран (Өзгөндүн Чангет айылынын тургуну) жолдон унаа тосуп, Сузак райондук ооруканасына салып жиберген. Андан кийин милицияга кабар берген.

Бул факт боюнча милиция «каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле жабырлануучунун алган жараатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Бул ишти иликтөөгө Жалал-Абад облустук, Сузак райондук жана Кызыл-Кыя шаардык милицияларынын кызматкерлери тартылган. Алар шектүү катары 39 жаштагы А.У. жана 32 жаштагы С.З. аттуу Өзбекстандын жарандарын кармаган. Алар Кызыл-Кыя шаарынан коңшу мамлекетте чек арадан мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракеттенип жатканда колго түшүрүлгөн.

Кармалгандандын бири – 32 жаштагы С.З. мурда соттолгону, учурда издөөдө жүргөнү, Кыргызстанга чек араны бузуп киргени аныкталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>