Видео: Жалал-Абадда топ балдар эки жигитти сабады. Милиция эмне дейт?

Видео: Жалал-Абадда топ балдар эки жигитти сабады. Милиция эмне дейт?

Ички иштер министрлиги Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунда эки жигиттин сабалышы боюнча үн катты.

Маалыматка караганда, окуя милицияда каттоого алынып, мушташкан жарандардын өздүгү аныкталган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө ооруканага жана милицияга эч кимиси кайрылган эмес. Ошондой эле бири-бирине арыз жазгандан баш тартышкан», — деп айтылат маалыматта.

ИИМден белгилешкендей, учурда аталган фактынын бардык жагдайларын тактоо боюнча шаардык милиция тарабынан ыкчам-иликтөө иштери уланууда.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга Жалал-Абаддын Спутник кичи районунда топ балдар эки жигитти сабап жатканы тартылган видео тараган. Окуянын видеосу жарыяланган BespredelKG телеграм каналында айтылгандай, урушту көргөн күбөлөр милицияны чакырган. Милиция кеч келип, кайра кетип калган. Жарандар милициянын чара көрбөгөнүнө нааразы экени айтылган.

Жалал-Абадда топ балдар эки жигитти сабап кетти. Окуянын видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>