Ошто кайырчыларга каршы рейддер өткөрүлөт

Ошто кайырчыларга каршы рейддер өткөрүлөт

Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров калаада кайырчылык кылган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, тилемчиликти жоюу, коомдук тартипти сактоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга шаардык милициянын, билим берүү тармагынын, Ош шаардык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү катышты.

«Жыйында, тилемчиликти жоюу багытында, буга чейин жүргүзүлгөн иш-аракеттер тууралуу маалымат берилип, тилемчилик менен алектенгендердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, алардын өздүгүн аныктоо, коомдук иштерге тартуу чараларын көрүү маселеси көтөрүлүп, чечүү жолдору талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда шаар бийлиги тарабынан кайырчыларга карата профилактикалык иштерди күчөтүү, күн сайын рейдтерди өткөрүү тапшырмасы берилген.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>