Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түштү. Шектүү кармала элек 

Жалал-Абадда жаш келин катуу сабалып, ооруканага түштү. Шектүү кармала элек 

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди таанышы сабап, аял киши ооруканага түшкөн. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 29-июлга караган түнү болжол саат 23:30да милицияга Ж.К. аттуу аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А. аттуу таанышы мас абалында ур-тепкиге алып, муунтуп, Redmi 9А телефонун, электрондук картасынан 52,9 миң сом акчасын тартып алган.

Алган жаракатынан улам 24 жаштагы келин Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасынын «хирургия» бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча иш козголгон.

Милициядан билдиришкендей, териштирүү учурунда жаш келинди сабаган жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун А.Х. аттуу тургуну экени аныкталган.

«Азыркы учурда А.Х. аттуу жаран жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу Бакыт Молдожанов Жалал-Абадда 24 жаштагы келин 29-июлга караган түнү чала жан болуп сабалганын, бирок милиция аны жасаган кылмышкерлерди издебей, чара көрбөй жатканын билдирген.

«Ошол түнү эле тез жардам менен ооруканага түштү. Ооруканадан дарыгерлер милицияга кабар берген. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай иш жасалбаптыр», — деп жазган ал.

Анын айтымында, келиндин 7 айлык баласы бар. Учурда апасы ооруканада жаткандыктан, ымыркай чоң апасы карап жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>