Мурдагы вице-премьер жана журналист депутат болууну көздөөдө

Мурдагы вице-премьер жана журналист депутат болууну көздөөдө

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 30га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз калтыргандардын катарына Абдивали Балтабаев, Лейла Саралаева жана Токтокүчүк Мамытов (Токон Мамытов) кошулду. Балтабаев убактылуу иштебейт, мурда Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы болгон. Лейла Саралаева — «Жаңы жүздөр»  гезитинин башкы редактору. Ал эми Мамытов Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун бөлүм башчысы болуп иштейт. Ал мурда депутат, вице-премьер-министр, акыйкатчы, «Кыргызалтындын» башчысы жана башка кызматтарды ээлеген.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев
  12. Бакыт Шаршембиев
  13. Нургүл Сооронбаева
  14. Мурат Эсенаманов
  15. Ыргал Кадыралиева
  16. Ханзада Осмоналиева
  17. Жамалбек Ырсалиев
  18. Илимбек Аттокур уулу
  19. Таалайбек Кермалиев
  20. Кубанычбек Самаков
  21. Чыңгыз Капаров
  22. Нургүл Аднаева
  23. Руслан Ажыбеков
  24. Жээнбек Искендеров
  25. Карачач Исмаилова
  26. Бактыбек Рысалиев
  27. Нурсултан Абдуллаев
  28. Абдивали Балтабаев
  29. Лейла Саралаева
  30. Токтокүчүк Мамытов

Белгилей кетсек, 2-августта БШК Жаныбек Абировду депутаттыкка талапкер кылуудан баш тарткан.

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>