Түрмөдөгүлөрдөн батальон түзүлүүдө. Депутат Россиядагы мигранттарга кабатыр

Түрмөдөгүлөрдөн батальон түзүлүүдө. Депутат Россиядагы мигранттарга кабатыр

Россияда түрмөдө олтурган адамдардан Украинадагы согушка катышуу үчүн атайын батальон түзүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков билдирди.

Анын айтымында, абактыгаларды согушка тартуу аракети кайра күчөдү.

“Россияда абакта олтурган 2-3 жигиттин сөөгү Украинадан келди. Акча, ар кандай шарттар менен аларды азгырып жатышат. Канча кыргыз жараны согушка катышып жатканы маалымбы? Тышкы иштер министрлиги болсо «Жүк-200дү» эле Кыргызстанга ташыбай, алдын алган иштерди дагы жүргүзүп келсе”, — деди Кубанычбек Самаков.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин билдирүүсүндө, Россия бийлиги кыргыз жарандарын согушка тартуу  боюнча маалыматты бир нече жолу четке каккан.

Белгилей кетсек, кыргыз медиасынын маалыматында, 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинада 20га жакын кыргызстандык каза болду. Алардын арасында Россияда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар дагы бар.

Россиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнүн айтымында, Украинага барып келгенден кийин мунапыс алган кыргызстандыктар арбын. Аларга согуштан кайткандан кийин бир нече жылга чейин Россиянын аймагынан чыгууга тыюу салынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>