Жалал-Абаддагы массалык мушташка катышкан 4 жаш жигит кармалды

Жалал-Абаддагы массалык мушташка катышкан 4 жаш жигит кармалды

Жалал-Абаддагы массалык мушташка байланыштуу шект катары 4 жаш жигит кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-ноябрга караган түнү болжол менен саа 03:40та «102» кызматына Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринин алдында топ балдар мушташып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине тергөө-ыкчам тобу барып, далил буюмдар алынып, тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлө баштаган.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы И.С., Т.Э., 20 жаштагы З.Р. жана 19 жаштагы К.Б. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, дайындалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кылмыш иши козголгон берене өзгөрөт. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>