Акжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголдуАксы районунда беш жылда 78 объект пайдаланууга берилип, күн электр станциясы курулат
Жалал-Абаддын айрым жерлеринде газ 2 күнгө өчүрүлөт
21.09.2023 | 09:46
Жалал-Абад шаарынын айрым жерлеринде 2 күн газ болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-22-сентябрь күндөрү жер астындагы орточо басымдагы газ түтүктөрүн жылдырууга байланыштуу шаардын Курманбек, Абдрахманов, Нефтяников, Геологдор, Могол, Баетов, Ватутин, Толбухин көчөлөрүнө жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.
Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом