Эртай Искаков менен эки тургун үй камагына чыкты

Эртай Искаков менен эки тургун үй камагына чыкты

Быйыл июль айында Чүйдүн Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун тургундары таза суу берилбей жатканына байланыштуу жол тоскондон кийин кармалган активист Эртай Искаков менен эки тургун 20-сентябрда үй камагына чыкты. Мындайды чечимди Сокулук райондук соту чыгарганын Эртай Искаков билдирди.

Анын айтымында, аларга козголгон «бейбаштык» жана «мыйзамсыз жол тосуу» боюнча кылмыш иштер райондук сотко өткөрүлүп, 20-сентябрда биринчи отурум болуп өткөн. Искаков соттук териштирүү жүрүп жаткан учурда үй камагында боло тургандарын белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, 14-июлда саат 20:30дарда Селекция айылынын жана ага караган Сары-Өзөн конушунун тургундары 3 ай суусуз отурганын билдирип, митингге чыгышкан. Акцияга чыккан жарандар Бишкек – Күн-Туу жолун тоскон. Жерине милиция, жергиликтүү бийликтин, тиешелүү мекемелердин кызматкерлери келген. Милиция билдиргендей, алар эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда, жарандар укук коргоо кызматкерлерине таш ыргытып, жол тосууну улантышкан. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен 15-июлда саат 02:00до жол ачылган.

Эртеси күнү Сокулук райондук милицияга Селекция менен Сары-Өзөндүн тургундары жана активист Эртай Искаков жеткирилип, суракка алынган. Алардын арасынан 49 жаштагы Б.Б., 51 жаштагы Б.Б. аттуу жарандар жана активист Эртай Искаков 48 саатка камакка алынган.

Аталган эки жаран «бейбаштыкка», ал эми активист «мыйзамсыз жол тосууга» шектелүүдө. Милиция билдиргендей, Эртай Искаков аталган конуштардын тургундары ачкан Whatsapp тайпасында эл чечкин аракеттерди жасабаса, маселе чечилбей турганын айтып тургундарды жол жабууга чакырган. Нааразычылык акциясын соцтармактагы баракчалары аркылуу чагылдырып берерин айткан.

Ошол эле учурда, активисттин жактоочусу Алманбет Бексултанов милиция тарабынан айтылган айыптарды четке кагып, аларды куру доомат катары баалаган. Анын айтымында, Искаков суусуз отурган элге жардам берүүгө аракет кылганы үчүн жапа чегүүдө.

Буга чейин Сокулук райондук соттун чечими менен кармалган үч адам тең 2 айга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>