Жанар Акаев мандат алат. Жогорку соттун чечими чыкты

Жанар Акаев мандат алат. Жогорку соттун чечими чыкты

Жогорку сот «Альянс» партиясынын билдирүүсү боюнча Бишкек административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, гендердик квота боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдөгү Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине макул эмес.

Буга чейин Бишкек шаарынын административдик соту Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 15-декабрдагы «Бирдиктүү шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп таап, жокко чыгарган.

«Альянс» партиясынын жетинчи мандаты Токтобүбү Оргалчага эмес, Жанар Акаевге берилет.

Белгилей кетсек, Боршайком 15-декабрда партиялык тизмедеги аялдардын квотасы боюнча жобого өзгөртүү киргизген. Натыйжада парламенттик шайлоого «Альянс» партиясынан катышкан талапкер Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болгон. 

Мандат талашы. Сот Жанар Акаевдин пайдасына чечим чыгарды

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>