Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны 41%га азайды

Жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны 41%га азайды

Жол коопсуздугуна байланыштуу жаңы эрежелер күчүнө киргенден кийин мас абалында  унаа башкаргандардын саны 41 пайызга азайды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө аймагында 8-марттан бери  мас абалында унаа башкарган 423  айдоочу аныкталган. Ал эми өткөн жылдын ушул эле убакта 800 мас айдоочу аныкталган. Демек,  мас абалында унаа башкарган айдоочулардын саны 41 пайызга азайган.

“Анын себеби, мурда мас айдоочулар 17 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы катаалдашкан шартка ылайык, мас айдоочулар бир жылга  айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында унаа башкарган учурунда, унаасын токтотуп коюу менен  үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратулуусу себеп болууда”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда одоно жол эрежелеринин бардык түрү азаюда.

Эскерте кетсек, 8-марттан тарта жаңы эрежелер кирген. Жол кыймылынын төмөнкү эрежелерин бузган айдоочулар кайра сынак тапшырат.

— унаанын номурун атайын жаап алса, же номеринин бирөөсү жок башкарса;

— инспектор автоунааны токтоткон учурда анын талабын аткарбай качып кетсе;

— каршы кыймыл тилкесине чыгып, озуп өтүү же болбосо маневр жасоо эрежелерин бузуусу сыяктуу, адамдын ден соолугуна зыян, өмүрүнө коркунуч жараткан жол эрежесин бузган учурда;

— ошондой эле, алкоголдук ичимдик ичип, унаа башкарып кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат;

— статистикалык көрсөткүчтөргө ылайык, спирт ичимдигин ичип, унаа башкарган учурлар майрам күндөрү көп катталат.

Мас айдоочулар күбөлүктөн ажырайт, айып пул көбөйдү. Жаңы эрежелер

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>