«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Жапаров: 2027-28-жылдары консолидацияланган бюджетти 1 трлн сомго жеткиребиз
14.11.2024 | 11:30
Келерки жылы Кыргызстандын консолидацияланган бюджети 700 млрд сомго жетет деп пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кенештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Жапаров 700 млрд деп пландалганы менен аталган суммадан да көп акча чогултууну көздөп жатышканын айтты.
“Айына 58 млрд сом, күнүнө 2 млрд сомдон ашык таап турушубуз керек. 2027-жылы 743 млрд сомго жетет деп турабыз. Каржы министри Алмаз Кушбековичтин (Бакетаев) убадасы боюнча 2027-28-жылдары (консолидацияланган бюджетти – ред.) 1 трлн сомго жеткиребиз”, – деди Жапаров.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом