Манасчы, бүркүттөр жана боз үйлөр: Грузиянын премьер-министрин Ысык-Көлдө кандай тосуп алышты — сүрөтЕкатеринбургдагы жол кырсыгы: Кыргызстандык айдоочу буга чейин жол эрежесин алты жолу бузганБорбордук Азияда Эль-Ниньодон улам нөшөрлөгөн жаан жана жер көчкү коркунучу бар — ДМӨКыргызстандык Соттук-эксперттик кызматтын эксперттери Казакстанда стажировкадан өтүштүОрусияда кыргызстандык кармалды — жол кырсыгын жасаган деп шектелүүдө, каза болгондор барКыргызстанда жумуш ордундагы ыдык көрсөтүү боюнча кайда даттанууга болот?
Жапаров антикоррупциялык кызматтын ишин кайра жандантты
21.10.2020 | 09:43
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетээр алдында жоюлган Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматынын иши жандандырылды. Тиешелүү жарлыкка президентин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 16-октябрда кол койгон.
Ага ылайык бул кызматты жоюу боюнча 14-октябрда кол коюлган жарлык күчүн жоготту деп табылат.
Коррупцияга каршы кызматтын ишин жандантуу боюнча УКМКга төмөнкү тапшырмалар берилген:
— Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
— Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом