Добуш бербесе камалат. Өлкөлөрдүн жарандарды шайлоого катыштыруу ыкмалары

Добуш бербесе камалат. Өлкөлөрдүн жарандарды шайлоого катыштыруу ыкмалары

Дүйнөнүн 12 өлкөсүндө шайлоочуларды түрдө добуш берүүгө катыштырууга милдеттендирген мыйзамдар бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Ал жарандарды мажбурлоо ыкмалары Европа өлкөлөрүндө дагы колдонуларын белгилеп өттү.

“Түркияда айыппул бар экенин билебиз. Мисалы, Грецияда шайлоого келбегендерди камап коет экен. Андан тышкары Бельгияла дагы мыйзам чегинде чаралар каралган”, — дейт Икрамов.

 Боршайкомдун мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаровдун пикиринде, шайлоого катышкан жарандардын саны бийлик органдарынын легитимдүүлүгүн көрсөтөт.

Шайлоого катышпаган жарандарга кайсы өлкөдө кандай чара көрүлөт?

Түркияда добуш берүү тилкесине келбеген жаранга 300 лир айыппул салынып, ага мамлекеттик кызматтарды колдонууга тыюу салынат.

Бельгияда шайлоого катышпаган атуулга биринчи жолу 50 евро, кайталанган учурда 125 евро айыппул каралган. Төрт жолу добуш берүүнү өткөрүп жиберсе, ал 10 жылга саясый кызматка талапкерди тандоо укугунан ажырап, мамлекеттик мекемелерге ишке алынбайт.

Грецияда дагы мажбурлоочу чаралар бар. Жаран чет өлкөгө сапарын алдын ала пландап, болбосо ага жакын добушун берип, андан кийин гана башка мамлекетке кете алат. Бул өлкөдө айыппулдан тышкары 1 айдан 1 жылга чейин камакка алуу жазасы колдонулат.

Италия, Германия, Австрия, Кипр, Люксембург мамлекеттеринде айыппулдун өлчөмү 25-75 еврого жетет.

Аргентина менен Бразилиянын жарандары  20 доллардан 200 долларга чейин айып төлөйт жана 3 жылга чейин мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Пакистанда айыппул менен бирге «рецидивисттер» 5 жылга чейин оор коомдук иштерге тартылат.

Египетте айыппулдун суммасы 1 доллардан ашпайт, бирок мында дагы эркинен ажыратуу жазасы бар.

Айыппул, лотерея — Икрамовдон жарандарды добуш берүүгө кызыктыруу жолу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>