Жапаров Баткендеги төрт жетекчиге кызматтык унааларды тапшырды

Жапаров Баткендеги төрт жетекчиге кызматтык унааларды тапшырды

Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы жетекчилерге кызматтык унааларды тапшырды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Кызматтык унаалар Баткен облусунун Кадамжай районунун акими, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаар башчыларына берилди.

“Сиздерге жаңы кызматтык унааларды тапшырып жатып, президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Ошондой эле кызматтык унааларга GPS системасы орнотулду, көзөмөлдө болот. Өзгөчө статусу болгон Кадамжай району, Сүлүктү, Баткен жана Кызыл-Кыя шаарлары үчүн унааларды өзүм тапшырып жатам, ал эми башка аймактардагы жетекчилерге дагы берилүүдө. Күлүгүңүздөр кут болсун!”, — деди Акылбек Жапаров.

Эске салсак, президенттин иш башкармалыгы тарабынан район жана алыскы аймактар үчүн чет элдик Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү 90 унаа сатылып алынган.

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев кызматтык унаалар республика боюнча жаңыланып жатканын билдирди.

“Президенттин тапшырмасы менен кызматтык унааларды жаңылап жатабыз. Мурдагы эски техникалардын айрымдарын пайдалануу мүмкүн болбой калган. Колдонууга кеткен каражатка караганда оңдоого кеткен чыгым көп болчу”- деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>