Мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотко өттү

Мурдагы министр Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотко өттү

Былтыр сентябрь айынын аягында пара алууга шектелип кармалган мурдагы билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин иши сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен кылмыш иши сотко качан өткөнүн так айтпастан, иш сотко өткөрүлгөнүнө көп болгонун белгилешти.

«Сотко өткөн ишке эч кандай комментарий бере албайбыз», — деп белгилешти министрликтен.

Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев 2022-жылдын 28-сентябрында пара алууга шектелип кармалып, андан кийин эки айга камакка алынган.

ИИМин маалыматы боюнча, анын кармалышы чет элдик студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга өткөрүү үчүн пара (110 миң доллар) талап кылуу фактысына байланыштуу. Бейшеналиев кармалгандан кийин анын үйүндө тинтүү жүрүп, ал пара катары алган 37,5 миң долларды, кийинчерээк 62,5 миң долларды кайтарып бергени кабарланган.

Ошондой эле, ИИМ Бейшеналиевдин пара менен кармалды деген видеосун чыгарган. 3-октябрда Бейшеналиев министр кызматынан алынган.

Ошол эле учурда, Бейшеналиевдин өзү күнөөсү жок экендигин, «пара» деп айтылган акча билим берүү тармагындагы долбоор үчүн тартылган инвестициялык каражат экенин билдирген.

18-октябрда мурдагы министр үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>