Жапаров: Бир чакырым жол 1 миллион доллар турат, биздикилер 3 миллионго курат 

Жапаров: Бир чакырым жол 1 миллион доллар турат, биздикилер 3 миллионго курат 

Мындай пикирин президенттикке талапкер Садыр Жапаров  блогер Элдияр Кененсаров менен болгон маегинде айткан. 

Ал Кыргызстан карыз берип жаткан Кытайдан эмес кыргыз атка минерлерден коркуусу керек деген пикирин билдирген. 

“Бизде саясат жүргүзүп салган, Кытай десе аябай корко турган кылып. Алар акчасын берип жатат, кредит берип жатат,  жарымын грант десе грант кылып.  Бирок анын жарымын жумушка салымыш болуп туруп, жарымын жеп койгон биздин өзүбүздүн чиновниктерде болуп атпайбы күнөө. Мисалы, 1 долларлык плоскогубцынын 600 долларга Кытай эмес, биздин чиновниктер сатып алып жатпайбы, 1 км жолго 1 млн доллар кетет, ага 3 млн доллар кетти деп биздин чиновниктер салып жатпайбы. Акчаны жеп алган биздин чиновниктер, жаман көрүнгөн кытайлар”, — деген Жапаров. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>