Жапаров чет элдик иш сапарга чыккан чиновниктерден отчет талап кылды

Жапаров чет элдик иш сапарга чыккан чиновниктерден отчет талап кылды

Бүгүн, 1-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президенттин Администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешменин күн тартибинде 4 маселе белгиленген, атап айтканда, экономика жана коммерция министри  Данияр Амангелдиевдин жана финансы министри Алмаз Бакетаевдин баяндамалары угулду.

Жыйында министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик кызматкерлердин чет элдик иш сапарлары боюнча маселеге токтолуп, ар бир иш сапардын жыйынтыгында иш сапардын натыйжалуулугу боюнча отчет берүү зарылдыгын белгиледи.

“Чет элдик иш сапарларга бюджеттин эсебинен барып-келгени үчүн Финансы министрлигине отчет берет. Кандай келишимдер түзүлгөнү жана канча инвестиция тартып келгени боюнча Финансы министрлигине отчет берет. Ар бир тыйыны боюнча жооп бергиле. Конок болуп барып, кайра келгенди токтотушубуз керек”, — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>