Жетекчи болуу үчүн 350 миң сом пара берген кызматкер кармалды

Жетекчи болуу үчүн 350 миң сом пара берген кызматкер кармалды

Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«2023-жылдын 31-январында атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, 350 000 сом акча каражатын пара катары берип жаткан жеринен Чүй электр тармактар ишканасынын башкы инженери Т.М.З. кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Т.М.З. Аламүдүн РЭСинин начальниги кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин кызмат адамдарына бир нече жолу акчалай сыйлык түрүндө пара сунуштаган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>