Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Баткенде 3 тоннадай лимон ташып бараткан жаран кармалды
01.02.2023 | 16:41
Баткен облусунда «Оперативдүү» бажысынын кызматкерлери салмагы дээрлик 3 тоннаны түзгөн лимонду аткезчилик жол менен ташып бараткан жаранды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен облусунун Караван айылында Кыргызстандын жараны М.М.дин (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.
Бажылык текшерүүдө жалпы салмагы 2775,5 кг түзгөн лимондор табылган. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 138 миң 775 сомду түздү.
Бул факт боюнча материалдар кароо боюнча чечим чыгаруу үчүн «Оперативдүү» бажысынын Бажылык териштирүү тобуна өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом