Садыр Жапаров «Элдик Банктын» башкы кеңсесин ачтыБишкекте биринчи кезекте кайсы жерлердеги балкондор демонтаждалары тууралуу мэрия айтып бердиКумтөрдө алгачкы жолу Кызыл китепке кирген аюу байкалдыДепутат электробустарды сатып алуунун максатка ылайыктуулугуна күмөн санап, мэрия жооп бердиКыргызстандагы Орусия мекендештеринин кеңеши көрүстөндөрдөгү вандализмди токтотууну талап кылуудаБишкекте мыйзамсыз курулган балкондор буздурулууда
Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСи кайсы акчага куруларын айтты
22.01.2024 | 09:41
Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга карыз алууга даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.
Ал гидроэлектрстанция курулуп бүткөндөн кийин чыгымдарын тез эле актарын белгилейт.
“Ал 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин “Токтогул” ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет”, – дейт Садыр Жапаров.
Ал эми “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушуна карыз алынбайт.
“Ага өтө чоң сумма керектелет. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт. Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз”, – дейт Садыр Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика