Бишкектеги 20 конушка газ тартып, 1000 автобус сатып алуу пландалууда

Бишкектеги 20 конушка газ тартып, 1000 автобус сатып алуу пландалууда

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектеги 20 жаңы конушту жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу ал өлкөдөгү райондук администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөн республикалык кеңешмеде айтты.

Ал шаардагы ыш маселесин чечүү үчүн энергиянын экологиялык түрлөрүнө өтүү керектигин белгилеген.

«Быйыл Бишкек шаарынын 20 конушун жаратылыш газы менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуу зарыл. Алдыга ушундай чоң максаттарды койбосок, ыш маселесин чече албайбыз. Улан-Батор шаарынан үлгү алып, жылытуунун экологиялык таза түрлөрүнө өтүшүбүз керек», — дейт ал.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун айтымында, учурда 27 жаңы конушка жаратылыш газы киргизилген.

Жапаров Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Бишкек шаарынын мэриясына «Газпром» компаниясы менен тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү тапшырган.

Бишкек шаардык мэриясынын отчетун кароонун жыйынтыгы менен муниципалитетке 1000 автобус сатып алуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылган.

 «Транзиттик транспорт шаар аймагына кирбестен, борборду айланып өтүшү керек. Катализаторлору жок эски унаалар да шаарда жүрбөшү керек. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тиешелүү көзөмөл чараларын иштеп чыгуусу керек. Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод быйыл ишке кириши керек. Министрлер кабинетинин эртеңки кеңешмесине ыш менен күрөшүү боюнча комплекстүү иш-чараларды киргизүү зарыл», — деди Жапаров.

Катализатору жок унааларга 20 миң сомдон айып пул салуу сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>