Жапаров казак премьери менен дизель майынын кымбатташын талкуулады

Жапаров казак премьери менен дизель майынын кымбатташын талкуулады

Кечээ, 25-августта Чолпон-Атада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн, анын ичинде ЕАЭБ алкагында кызматташуу маселелери талкууланган.

Анда Жапаров Казакстанда чет элдиктер, анын ичинде кыргызстандыктар үчүн дизель майынын кымбатташы боюнча маселени көтөргөн.

Аны менен бирге кыргыз-казак чек арасындагы кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын тыгыны, алардын чек арадан тоскоолдуксуз өтүшү тууралуу сөз кылган.

Андан тышкары, эки өкмөт башчы «Ак-Тилек» жана «Карасу» көзөмөл өткөрмө жайында индустриалдык соода-логистикалык комплексти куруу долбоорун ишке ашыруу, айыл-чарба тармагында кызматташуу маселелерин талкуулаган.

Эскерте кетсек, Казакстанда 22-августтан тарта чет элдиктер үчүн дизель майынын баасы кымбаттап, 450 теңгени түзгөн.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>