Токмоктогу мал базарга видеокамералар орнотулат

Токмоктогу мал базарга видеокамералар орнотулат

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Токмок шаарындагы мал базарда иштеген райондук милиция кызматкерлери арасында кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Сапарбек Асаналиев түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, Токмок шаарынын базарларында чөнтөк уурулук фактылары көбөйдү.

«Бир айдын ичинде 14 кылмыш катталган. Иш жүрүп жатат, топтор түзүлдү. Жыйынтыктарды айдын аягына чейин беребиз. Акыркы окуядан кийин Токмок шаарынын базарларына санариптик видеокөзөмөл камераларын орнотуу чечими кабыл алынды», — деди Сапарбек Асаналиев.

Эске салсак, Токмок шаарындагы мал базарда карыянын 120 миң сому уурдалган. Аксакал ал каражатка уулунун ашы үчүн жылкы сатып алууга келген.

Акчаны жергиликтүү чөнтөкчүлөр уурап кетишкен. Мал базардын сатуучулары  баш болгон камкор атуулдар аз убакыттын ичинде аксакалга 115 миң сомдон ашык акча чогултуп, беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Токмок

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>