Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн ортосундагы чек ара жөнүндө келишимге кол коюлат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Азымбакиев Рахмон Бишкекке 12-мартта келерин, анын алкагында сапардын макамына ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар өтөрүн айтты.
«Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда», — деди Азымбакиев.
Рахмон Кыргызстанга келет, айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат